• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки жылда ӨКМдин өрткө каршы автопаркы толук жаңыланды – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда эки жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматынын автопаркы толук жаңыланды. Бул тууралуу бүгүн өрткө каршы 40 атайын техниканы тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өз сөзүндө Жапаров россия тарапка ыраазычылык билдирип, бул атайын техникалар кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык базасын жана мүмкүнчүлүгүн чыңдоого белгилүү бир салым кошорун белгиледи.

"Өзгөчө белгилеп айтып кетейин, эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстанда өрткө каршы кызматынын техникалык базасы биринчи жолу жаңыланды. 2 тик учак, 185 өрткө каршы техника жана 81 инженердик жүк ташуучу унаа сатып алынды. Ошондой эле 1 млн 200 миң долларга 10 жол тандабас, 24 экологиялык автобус жана 2 моюилдик клиника сатылып алынды. Техникалардын бир бөлүгү республикалык бюджеттин каражатына, калганы өнөктөштөр менен гранттык макулдашуулардын алкагында берилди", - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий