• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз баскетболунун 90 жылдыгына карата Бишкекте мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 24.08.17 /Нуркыз Сабырова/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 26-27-августунда эски аянтта баскетбол боюнча КРнын IV “3х3 Bishkek Open 2017” ачык чемпионаты өтөт.

Мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, иш чара кыргыз баскетболунун 90-жылдыгына арналат.

“1927-жылы Кыргыз ССРинин биринчи спартакиадасына Ош, Ысык-Көл облустарынын, Чүй өрөөнүнүн жана шаардын эркектер жана кыздар тайпалары катышкан. Ошол дата ата мекендик баскетболдун жаралышынын расмий датасы болуп эсептелинет. Биринчи мелдеште 4 ар кандай категория боюнча 14 команда катышкан, арасында Тажикстандын да курамасы болгон. Жыл санап катышуучулардын саны көбөйүүдө. Бул жылы чемпионатта 80 команда катышат”,- деп айтылат маалыматта.

Мелдешке кирүү акысыз. Турнир ишемби күнү саат 10:00 башталат.

Пикир

Оставить комментарий