• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык футболчу пенальтини атайын тескери тебип, көпчүлүктүн алкышына татыды - видео

Спорт 0


Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойногон 13 жаштагы кыргызстандык футболчу пенальтини атайын тескери тебип, көпчүлүктүн алкышына татыды. Бул тууралуу аталган клубдун социалдык тармактардагы баракчасында кабарланат.

"Галатасарай" менен "Истанбулспор" клубдарынын беттешинде Бекназ Алмазбеков атаандаштарынын айып аянтчасына кирип келген кезде кулап кеткен. Ал жерде эреже бузулду деп түшүнгөн оюндун калысы пенальти белгилеген.

Бирок, Бекназ да, башка оюнчулар эреже бузуу болбогонун айтканы менен калыс чечимин өзгөрткөн эмес. Ошондо жаш оюнчу 11 метрликке келип, топту атайын тескери жакка тепкен. Муну менен ал командалаштарынын да, атаандаштарынын да алкышына татыган.

Кийинчерээк видео интернетке тарагандан кийин аны көп адам көрүп, жакшы ой-пикирлерин калтырышкан.

Белгилей кетсек, ал күнү "Галатасарай" атаандаштарын 2:0 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий