• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык жаш футболчулары (U-14) Сербияда окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. 20-марттан тарта Сербиянын борбор калаасы Белград шаарында Кыргызстандын U-14 өспүрүмдөр курамасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Аталган жыйынга FIFA Talent Coach долборунун машыктыруучусу Дэниел Лимонес дагы катышты.

Эске салсак, испандык адис бул кураманын негизин түзгөн оюнчулардын командасын тарбиялап келет.

Жыйындын жүрүшүндө команда үч жолдоштук беттеш өткөрдү.

Башкы машыктыруучу Шаршеев Санжардын жетекчилиги алдындагы курама Мальтанын U-15 курамасы менен ойноп, минималдуу 0-1 эсеп саны менен жеңилип калды.

Ал эми, Сербиянын курамасы менен болгон беттеште 0-5 жана «Црвена звезда» клубунан теңтуштары менен болгон оюнда 1-2 эсеби менен биздин курама жеңилүү ызаасын тартып калды.

Жыйынга катышкан оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачылар:
Кашуба Артем
Молдокматов Адилет

Коргоочулар:
Омурзаков Эрлан
Субанов Алихан
Сагынов Байазат
Курбаналиев Билал
Жылкычыев Усман
Султанов Назар
Эмильев Эмир
Мамыров Элдияр

Жарым коргоочулар:
Айтбаев Нуртай
Култаев Умар
Янфу Рамиль
Абилов Ариет
Аскербеков Эржан
Мурзакулов Алихан
Сулошиев Ильхам

►Чабуулчулар:
Мирланов Байэл
Саякбаев Арлен
Абдылдаев Автандил
Таштемиров Баяман
Болотбеков Актан
Исаев Алымбек

►Машыктыруучулар штабы:
Шаршеев Санжар – башкы машыктыруучу
Безносенко Анатолий – дарбазачылардын машыктыруучсу
Өзүбеков Аскат – котормочу
Жанышбекова Аида – психолог
Зирекбек уулу Эржигит – дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий