• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Бишкектеги муниципалдык автобустарды оңдоочу тейлөө борборуна пландан тышкары барды

Президент 0


Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы техникалык кызматкерлердин иштөө шарттары, ошондой эле унааларды каттамга чыгууга даярдоонун жүрүшү менен таанышты.

Кыдыруу учурунда мамлекет башчысы Бишкекте коомдук унаалардын иштөөсү кыйла жакшырганын, жыл сайын муниципалдык автобустардын саны көбөйүп, накталай эмес төлөм тутуму киргизилгенин белгиледи.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн унаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий