• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарья Маслова Азиянын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 7-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорттун чебери Дарья Маслова Азия Чемпионатында алтын медаль тагынды. Маслова бул жеңишке спорттун жеңил атлетика түрү боюнча 5000 метр аралыка чуркоо боюнча жеткен.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, таймаш Индиянын Бхубанешвар шаарында 6-9-июлга чейинки аралыгында өтүп жатат.

Дарья Маслова финалда 15 мүнөт 57.95 секунд убактысында марага биринчи жеткен. Экинчи орунда Бириккен Араб Эмиратынын спортчусу, үчүнчүдө Индиянын жеңил атлетчиси келген.

Башка катышуучулардын көрсөткүчтөрү төмөнкүчө:

Адилет Кыштакбетов - 7-орун

Арина Клещукова - 5-орун

Гулшан Сатарова - 5-орун

Кирилл Сарасов - 7-орун.

Пикир

Оставить комментарий