• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Меркель менен Трамп жолугушту

Дүйнө 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Германия канцлери Ангела Меркель менен АКШ президенти Дональд Трамп Гамбургда өтө турган “Чоң жыйырмалык” саммитинин алдында жолугушуп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды, Түндүк Корея жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.

Гамбургдагы мейманканалардын биринде өткөн жолугушуу эки саатка созулду. Негизинен сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү.

Бүгүн баштала турган G20 саммитинин күн тартибинде дүйнөлүк соода жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелер талкууланат. Бул эки тема боюнча тең Германия менен АКШнын ортосунда келишпестиктер бар.

Буга чейин эки саясатчы Вашингтондо жолугушкан. Журналисттер Меркель менен Трамптын ортосунда солгун мамиле болгонун жазып чыгышкан болчу.

"Чоң жыйырманын" саммитин утурлай глобалдашууга каршы миңдеген демонстранттар Гамбургдун көчөлөрүнө чыкты. Аларды көзөмөлдөөгө жыйырма миңдей полиция кызматкерлери тартылды. Саммит маалында да калаага сегиз миңдей адам нааразылык акцияларына катышуу үчүн келери күтүлүп жатканын жергиликтүү расмийлер маалымдашты.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий