• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Түркияда каза болгондордун саны дээрлик 6 миңге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 894 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдирди, деп жазды РИА Новости.

"Азыркы учурда 5 миң 894 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 34 миң 810 адамга жетти", - деди Октай журналиcттерге маалымат берип жатып.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркияга 63 куткаруучу жана эки кинолог жөнөткөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий