• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Куттуктайбыз! Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын медаль багындырып, чемпион аталды.

Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңишти илип кетти.

Аталган мелдеште кыргыз балбаны 76 кг салмак ченинде катышып, алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан.

Андан соң Медет кызы вьетнамдык спортчу Тхи Линь Дангдын далысын жерге басып, 8:0 эсебинде таза жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алган.

Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий