• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушу 80-90 пайызга аяктады – видео

Коом 0


Бишкек, 06.10.23./Кабар. Түндүк менен түштүктү бириктирген стратегиялык жолдун 80-90 пайызы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдор башкармалыгынын башкы адиси Нурказы Маданов “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда альтернативдик жолдо курулуп жаткан тоннелдин ичи тазаланып, бетон төшөлүп, асфальтталууда. Тоннель 2024-2025-жылдары колдонууга берилет.

“Негизи тоннель 2020-жылы эле эксплуатацияга берилиш керек болчу. Бирок топурактын борпоңдугунан улам иш артка жылган. Себеби, тоннелди бир-эки метр казганда эле көчкү түшүп, маселе жаратып келди”, – дейт Маданов.

Ошондой эле Нурказы Маданов, Балыкчы–Кочкор участогунда экинчи катмар асфальт төшөлүп, Кочкор–Эпкин-Башкууганды участогунда иш кызуу жүрүп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий