• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акжол менен Мээрим кыргыз элине чоң майрам тартуулашты — Канат Аманкулов

Спорт 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бүгүнкү күн абдан жакшы аяктады. Акжол менен Мээрим эң чоң жетишкендиктерге жетип, Кыргызстандын жарандары катары элибизге чоң майрам тартуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов билдирди.

Ал өз сөзүндө эртең беттешке чыгууга даярданып жаткан Айсулуу Тыныбековага чоң ишеним артып жаткандыгын жашырган жок.

"Алдыда дагы төрт балбаныбыз чыгат. Эртең Азиз Атабеков коло байге үчүн күрөшөт. Андан тышкары, эркин күрөш боюнча да эки балбаныбыз бар. Үмүт чоң", - деп, жеңил атлет Дарья Маслова да жакшы жыйынтык көрсөтө тургандыгына ишенип тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий