• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

KOICA Чүй облусундагы мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө кызыкдар

Аймак 0

Бишкек. 06.12.22 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) долбоорунун эксперттер тобу менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Чүй облусунда ири көлөмдө өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Облус башчысы облуста дыйкандар өндүргөн мөмө-жемиштердин наркы жакшы болбой, эмгектери акталбай, арзан баада сатылып жатканын түшүндүрүп, эгерде облуста кайра иштетүүчү ишканалар курулса, дыйкандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

Ал эми KOICA долбоорунун өкүлдөрү облус боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүп, биргеликте иштешүүгө кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий