• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түп районунун Талды-Суу айылында жаңы балдар бакчасы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Түп районунун Талды-Суу айылында жаңы балдар бакчасы курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-июлда жаңы бала бакчанын пайдубалына капсула салынып, курулуш иши башталды. Капсула салуу иш-чарасына архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Уланбек Калманбетов, Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев, район акими, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун директору жана айыл тургундары катышты.

Бала бакчанын жалпы сметалык баасы 33 миллион сомду түзгөн, анын 23 миллион сому АРИС программасы аркылуу келсе, 9,5 миллион сому Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кош каражат катары бөлүнгөн. Ал эми калган каражат жергиликтүү бюджетен сарпталат. Бала бакча 50 орундуу.

Бала бакча ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлөт деп мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий