• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата жолугушуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драма театрында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата ири жолугушуу өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашты.

Жолүгушууга кызматтын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы А. Мамбеталиев, кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында чогулгандарга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишмердүүлүгү, жасалган иштер боюнча маалымат берилди.

Керектөөчүлөрдү негизинен төмөнкү суроолор кызыктырган:

  • Сатып алынган сапатсыз товарларды кайтарып берүүдөгү талаш-тартыш маселелер;
  • Базарларда сатып алынган товарлар жана азык-түлүктөр үчүн кассалык чектин жоктугу;
  • Акы төлөп кызмат көрсөтүүдөгү кемчиликтер;
  • Керектөөчүлөр үчүн укуктук маалыматтын аздыгы сыяктуу орчундуу суроолор ортого салынды.

Андан сырткары, студенттер окуу жайлардагы акча чогултуү маселесине өзгөчө көңүл бөлүү керектигин суранышты. Жыйындын алкагында керектөөчүлөр үчүн атайын даярдалган буклеттер таратылып, видео роликтер көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чара 15-март — Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөн.

Эске салсак, ушундай эле жолугушуу күн мурун Ош шаарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий