• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең «Унаа» мекемесинин Кара-Балта шаарындагы филиалы иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Эртең «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Кара-Балта шаарындагы Жайыл-Панфилов бөлүмү иштебейт.

Мекемеден билдиришкендей, кеңсе электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу жабык болот.

Мекеме Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундарын жакын жердеги башка аймактык бөлүмдөргө кайрылуусун суранат.

15-марттан тарта Жайыл-Панфилов бөлүмү штаттык режимде ишин улантат.

Эскерте кетсек, аталган филиал Кара-Балта шаары, Жайыл баатыр көчөсү, 127 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий