• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата чоң масштабдагы жолугушуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Бабур драма театрында кеңири масштабдагы жолугушуу семинары өткөрүлдү, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Иш-чара 15-март — Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөн. Ага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайынын студенттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө керектөөчүлөргө өз укуктары тууралуу маалыматтар берилип, кызыккан суроолорго жоопторду ала алышты.

"Жарандар көбүнчөсу социалдык тейлөө тармагындагы жана коомдук тамактануучу жайларда керектөөчү катары укуктары бузулуп жаткандыгына токтолушту.
Андан сырткары, керектөөчүлөр үчүн маалыматтардын жетишсиздигин, ушундай жолугушууларды дагы да көбөйтүү керектигин айтышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий