• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Кечээ, 20-декабрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Мэр Алмаз Мамбетов бул тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоодо кызматкерлердин салымы чоң экенин белгиледи.

Ошондой эле мыкты кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий