• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Ош шаарына 35 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Быйыл Ош шаарына 35 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат, - деп кабарлады Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, калааны жашылдандыруу максатында Бекмамат Осмонов көчөсүнө 95 түп ийне жалбырактуу колоновидная туя көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузууга мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, тиешелүү коммуналдык тармактардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышкан.

2022-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 миң бадал көчөтүн отургузуу пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, быйылкы жылы шаарды жашылдандырууга жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Жаз мезгилинде Ош шаарына 1,5 млнго жакын гүл көчөтү, анын ичинде 6 миң жоогазын гүлү отургузулат. Мындан сырткары калаанын муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан 15 миңге жакын дарактардын көчөттөрү да тигилет. Ага кошумча 10 миң түп павловния отургузуу пландалууда”, - деди мэр Алмаз Мамбетов.

Ошондой эле калаа башчы быйыл шаардын көчөлөрүнө ар түрдүү көчөттөрдү отургузууга басым жасала турганын билдирди.

“Быйыл шаарды ландшафттык дизайн, жашылдандыруу жана жасалгалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир көчөгө ар кандай сорттогу бак-дарактар отургузулат. Анын ичинде жай мезгилинде кычкылтектин пайда болушуна жана көлөкөнүн сакталышына өбөлгө түзгөн жазы жалбырактуу дарактарга басым жасайбыз”, - деп белгиледи мэр.

Пикир

Оставить комментарий