• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөр кени штаттык режимде иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Бүгүн түнү болгон жер титирөөгө байланыштуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому Кумтөр кенинде абал туруктуу экенин билдирет.

Жер титирөө учурунда Кумтөр кен жайынын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышкан.

Кумтөр кенинде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-январга караган түнү саат 00:09да катуу жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, такталган маалымат боюнча, 23-январда саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Каджы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгыш) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстанда түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий