• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Л.Толстой жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде Voikswaqen Golf-3 үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жыгач устундуу тунуке жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жалпы аянты 135 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий