• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери саат салынган пакетти бомба деп ойлошкон

Кырсык 0

Бишкек, 10-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын имаратында бомба бар экендиги тууралуу маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

“Белгилүү болгондой, болгону кимдир бирөө экинчи кабатка кийим жана саат салынган пакетин унутуп кеткен. Саат чыкылдап тургандыктан, кызматкерлерибиз чочулашып, саперлорду чакырышкан”, - деп түшүндүрүштү ПМБ.

Пакет кимге таандык экендиги аныктала элек.

Эскерте кетсек, бүгүн АПБ ага инспектору түшкө маал Бишкек ШИИБ ПМБ имаратынын 2-кабатынан шектүү полиэтилен пакетти тапкан.

“Ичинде эмне бар экендиги белгисиз пакет табылып, саперлор тобу чакырылган. ПМБ кызматкерлери жана жумушчулары имараттан эвакуацияланышкан. УКМК саперлор бригадасы келип, пакеттен жардыргыч зат табышкан эмес. Жумушчулар өз иш орундарына кайтышып, штаттык режимде иштеп жатышат”, - деп белгилешти ПМБ.

Пикир

Оставить комментарий