• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күздө “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушун баштоо пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 21.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 30дан ашык маселе каралды.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, талкуунун жыйынтыгында ал жактырылды.

Министрлер кабинетинин башчысы бул мыйзамга дагы башка өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгиледи.

«Мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген адам катары бардык ички көйгөйлөрдү жеринен билем. Ошондуктан адвокаттар менен тергөөчүлөрдүн укуктары бирдей болушу керектигин шарттаган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», - деп белгилеген министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү токтомду кароого киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле, нотариат институтун реформалоо жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана аларды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилди. Бул темир жол транспортун жана инфраструктурасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн гана шарттарды түзбөстөн, темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын деңгээлин жана сапатын жогорулатууну да камсыз кылат.

«Темир жол тармагын өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Күз айларында эгемендүүлүгүбүздүн тарыхындагы эң ири долбоор – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” багыты боюнча темир жолдун курулушун баштоо пландалууда. Бул долбоорду колдоо зарыл”, - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстандын транспорт менен жүк ташуучуларына чет өлкөгө жана көп тараптуу уруксаттарды берүүнүн тартиби бекитилди. Бул чара ата мекендик жүк ташуучулар жана чет мамлекеттердин территориясы аркылуу транзит жүк өткөндөр арасында чет өлкөлүк уруксат кагаздарынын бланктарын жана көп тараптуу кирүүгө жана чыгууга макулдук берген документтерди калыс бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий