• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.22./Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий