• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери салык отчетун бербеген 6 миңден ашуун салык төлөөчү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айынын ичинде аймактык салык органдары тарабынан салык отчетторун бербеген 6 миң 53 салык төлөөчү аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 миң 384 юридикалык жак, 2 миң 91 жеке ишкер жана 778 дыйкан (фермердик) чарбасы.

Ошондой эле, салык органдарында каттоодон өтпөгөн 2 миң 34 чарба жүргүзүүчү субъект ачыкка чыкты. Алардын ичинен 566 юридикалык жак, 1 миң 11 жеке ишкер жана 457 дыйкан (фермердик) чарбасы.

Бул иш-чаралар ишкерлерди каттоодон өткөрүү, экономиканын көмүскө секторунда иш алып барган чарбакер субъекттердин салык төлөөдөн баш тартуу фактыларын аныктоо, ошондой эле жалган бизнеске каршы күрөшүү максатында жүргүзүлдү.

Жалпысынан 2021-жылдын 1-июлуна карата 754,6 миң субъект салык каттоосунан өткөн, анын 127,1 миңи - юридикалык жактар, 377,9 миңи - жеке ишкерлер, 249,6 миңи - дыйкан (фермердик) чарбалары.

Пикир

Оставить комментарий