• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 450 кг баңгизатты жок кылды

Коом 0


Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 450 кг баңгизат 500 градус температурада өрттөлүп, жок кылынганын маалымдайт.

Баңгизаттарды жок кылуунун максаты калк арасында баңгизаттарга каршы үгүттөө жана аны экинчи жолу жүгүртүүгө жол бербөө болуп саналат. Өрттөө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ведомстволор аралык комиссия менен биргеликте жүргүзүлгөн. Анын ичинде баңгикаражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор болгон.

"Аталган баңгизаттар ыкчам-издөө иш-чараларынын жана кылмыштарды иликтөөнүн жүрүшүндө алынып, соттук өндүрүш иштери аяктагандан кийин өрттөлдү. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу эксперттер тарабынан көзөмөлдөнүп турду", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, жалпы 30 кг ашык героин, 328 кг кара куурай тобундагы баңгизат, 2 кг ашык апийим жана 90 кг ашык психотроптук заттар жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий