• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда мыйзамсыз ташылып келген 30 миң даана жумуртка жок кылынды

Коом 0


Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Кадамжайда мыйзамсыз ташылып келе жаткан 30 миң даана жумуртка жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунда өлкө аймагына аткезчилик менен ташылып кирген товарлар менен күрөшүү жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 30 миң даана жумуртка жүктөгөн "Мерседес-Бенс" автоунаасы кармалган.

Жумурткага ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жана маркировкасы жок экендиги аныкталган.

Аталган жүк КР "Ветеринария жөнүндө" мыйзамынын жана ЕАЭБдин талаптарын бузгандыгы үчүн Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исхак-Полоткан айыл аймагында жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий