• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүдө Балыкбаеванын көптөн бери ооруп жүргөндүгү айтылат.

"6-апрель күнү түштө бөйрөгү иштебей калып, борбор калаадагы атайын ооруканада көз жумган. Маркумдун сөөгү 8-апрель күнү жерге берилет, азырынча кайда коюлары белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

Жаркын Балыкбаева өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы училищеде актердук чеберчилик боюнча сабак берип келген.

Ал КРдин Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Белгилей кетсек, Балыкбаева Сокулук районунун Жыламыш айылынан болот.

Ал "Айыл өкмөтү", "Боз салкын", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Белгисиз маршрут" тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

Пикир

Оставить комментарий