• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. Азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөндөлүүдө, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Жетишилген макулдашууга ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына жөнөтүлгөн. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары дагы өз ара үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө багытталышкан.

Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өттү.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий