• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук китепканада Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө жана эскерүү кечеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Эртең, 1-ноябрь күнү А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган “Кыргызстан менин жүрөгүмдө” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти.

Иш-чара саат 11:00дө башталат.

Иш-чарага президенттин, өкмөттүн аппараттарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер катышышат.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Быйыл Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий