• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик жактоочулардын орточо кызмат акысы 30-40 миң сомду түзөт – Калбеков

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик жактоочулардын орточо кызмат акысы 30-40 миң сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юстиция министрлиги астындагы кепилденген мамлекеттик укук жардамын координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков кабарлады.

Анын айтымында, мамлекеттик кепилдендирилген юридикалык жардам экиге бөлүнөт – бул юридикалык кеп-кеңеш жана соттогу квалификациялуу авдокаттын өкүлү.

«Мамлекеттик адвокаттын кызматы мамлекет тарабынан төлөнөт. 2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 11 миң 601 адамга юридикалык жардам көрсөтүлгөн, аларга мамлекеттик жактоочунун кызматы сунушталган. Былтыркы жылы 5 миң 700 жаранга юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Жыл башынан бери 78 миң 803 жаранга алгачкы юридикалык жардам көрсөтүлдү», - деди Калбеков.

Пикир

Оставить комментарий