• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте быйыл 8 чакырымга жакын суу түтүктөрү алмаштырылат

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. «Бишкексууканал» башкармалыгы 2022-жылы 8 чакырымга жакын суу түтүктөрүн алмаштырууну пландоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштер шаарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана суунун коромжусун азайтуу максатында жүргүзүлөт.

Өз кезегинде, «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «Бишкексууканал» башкармалыгы тарабынан пландуу профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Суу менен камсыздоо кызматынын адистери Фирсов көчөсүнүн бир бөлүгүндө диаметри 100 мм болгон түтүктү алмаштырышты.

Мэриядан белгилешкендей, жер астындагы инженердик коммуникациялар алмаштырылгандан кийин асфальт төшөө пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий