• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ала-Тоо" конушундагы №82 мектеп оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектеби оңдоп-түзөө иштеринин кийин колдонууга берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин имараты 2 корпустан турат, алгачкы биринчи корпусу башталгыч класстар үчүн ылайыкталып, 1996-жылы эксплуатацияга берилген. Ал 26 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес, мындан улам энергонатыйжалуулук стандарттарына жооп бербей, жылытуу сезонундагы муздак класстардан улам окуу процессине дагы тоскоолдуктарды жаратып келген.

Мектептин бул имаратында 1000ге жакын башталгыч класстын окуучулары билим алат. Оңдоо иштери 2021-жылы башталып, 2022-жылы апрелде аяктаган.

Мектептин имаратын модернизациялоо иштери АРИСтин инженерлеринин көзөмөлү астында жүргүзүлдү. Имаратты оңдоо иштери учурунда энергонатыйжалуулукту жогорулту боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылды:
1. Мектеп корпусу жылууланды;
2. Имараттын сейсмикалык туруктуулугу бекемделди;
3. Эски терезе менен эшиктер жаңы жана жылуулукту сактай турчу пластик терезелерге алмаштырылды;
4. Жылытуу түзүмү жаңыланып, электрокерамикалуу батареялар орнотулду;
5. Электрди өткөрүү тармагы толугу менен жаңыртылды;
6. Жарыктандыруу диоддук лампаларга алмаштырылды;
7. Имараттын вентиляциялык түзүлүшү жакшыртылып, рекуператорлор орнотулду.

Маалыматта “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында модернизациядан өткөн имараттардын энергонатыйжалуулугу жогорулап, электр энергиясынын колдонуусу 30-50%га чейин үнөмдөлө тургандыгы айтылат. Бул өз кезегинде энергоресурстарды жана бюджетти рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

№82 орто мектебинин имараты министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында модернизацияланып, пайдаланууга берилген жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Швейцария өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) тарабынан каржыланган.

Мектептин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев, вице-мэр Виктория Мозгачева, АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков, “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун координатору Урмат Бидинов катышты.

Пикир

Оставить комментарий