• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Тазалык" ишканасынын директору иштен алынып, жаңысы дайындалды

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Султан Алыбаев иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта директордун кызматтан алынышы шаардыктардын нааразычылыгына байланыштуу экендиги айтылат. "Ошондой эле, катуу таштандыларды өз убагында чыгаруу маселеси боюнча шаардыктар тарабынан канааттандырарлык эмес баа үчүн "Тазалык" ишканасынын директорунун орун басары дагы кызматтан алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ишкананын жаңы директору болуп Марат Алдашкуров, орун басары болуп Нурлан Касымов дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, шаардагы чогулган таштандыларды чыгаруу үчүн муниципалитет тарабынан жеке компанияга тиешелүү 16 атайын унаа тартылды.

Пикир

Оставить комментарий