• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги №5, №14 троллейбустар кадимки багыт менен жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкектеги №5, №14 троллейбустар кадимки багыт менен жүрө баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жал кичирайонунда жана Шота Руставели көчөсүнүн кесилишинде подстанциядагы авария калыбына келтирилди.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-мартта электр энергиянын линияларында ашыкча чыңалуу коркунучу жаралгандыкан №5 жана №14 троллейбустардын жүрүү багыттары убактылуу өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий