• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Манас" аэропортунда электр кубаттагычтары бар заманбап унаа токтотуучу жай курулууда

Коом 0


Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда электр кубаттагычтары бар заманбап унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай кадам жүргүнчүлөр жана аэропорттун коноктору үчүн жайлуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Белгиленгендей,, жаңы унаа токтотуучу жай 180 орунга ылайыкташып, анын ичинен 60 орун VIP залдын конокторун камсыз кылууга арналган. Калган бардык коноктор үчүн дагы 120 орун бар, алар дагы электр кубаттоо кызматтарынан пайдалана алышат. Бул чечим жашыл мобилдүүлүккө болгон суроо-талапка жана электр унааларын колдонууну стимулдаштырууга жардам бермекчи.

Куруу иштерине байланыштуу VIP залга кирүү "Манас" эл аралык аэропортунун негизги кире бериши D/C секторлору аркылуу аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий