• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ Монголия менен Кытай премьерлеринин алдыдагы иш сапары тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Кожобекова брифингде алдыдагы Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэнин жумушчу сапары жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын расмий иш сапарлары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бүгүн, 23-октябрда Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэнин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чакыруусу менен болгон Кыргызстанга болгон жумушчу сапары башталат.

"Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу пландалып, анда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө", - деди ал.

Кожобекова ошондой эле 24-25-октябрдан кийин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын расмий иш сапары болорун белгиледи. "Сапардын жүрүшүндө эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр да пландалууда. Жыйынтыгында документтерге кол коюлат", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий