• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сеулда өткөн Түндүк экономикалык кызматташтык форумунда президент Жапаровдун кайрылуусу окулду

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Сеулда өткөн Түндүк экономикалык кызматташтык Үчүнчү эл аралык форумунда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусу окулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18 ноябрында Сеул шаарында Корея Республикасынын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча президентинин комитети тарабынан уюштурулган Түндүк Экономикалык кызматташтыктын III эл аралык форуму өттү.

Иш-чарага Түштүк Кореянын мамлекеттик органдарынын, ири уюмдарынын, банктарынын жана компанияларынын жетекчилери, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, Россия Федерациясынын, Монголия, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде “Жаңы Түндүк саясатынын” өнөктөш өлкөлөрүнүн элчилери катышты.

Ачылыш аземинде Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова КР президенти Садыр Жапаровдун форумдун катышуучуларына кайрылуусун окуп берди.

Президент С.Жапаров өз кайрылуусунда Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык климатына токтолуп, кореялык компанияларды жана банктарды текстиль өнөр жайы, жашыл экономика жана энергетика, санариптештирүү, биргелешкен инвестициялык фонддорду түзүү, айыл чарба жана кайра иштетүү, акылдуу шаарларды жана акылдуу чарбаларды түзүү жана туризм сыяктуу тармактарга инвестиция салууга чакырды. Кайрылууда ошондой эле Кыргызстандын гидроэнергетикасынын жана кен байлыктарынын зор потенциалы белгиленди.

"Кыргызстанда калктын бакубаттуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасында, ошондой эле аймактагы жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлаштырылган “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө багытталган бир катар улуттук программалар ишке ашырылууда.

Кыргызстандын 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык, экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктары катары экономиканын артыкчылыктуу тармактары, алар Корея Республикасынын “Жаңы Түндүк саясатынын 9 көпүрөсү” багыттары менен дал келет, тактап айтканда, жашыл энергетика, транспорттук-логистикалык инфраструктура, айыл чарба, өнөр жай, инвестициялык кызматташтык, саламаттыкты сактоо, маалыматтык технологияларды жана туризмди өнүктүрүү белгиленди", - деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти аймактын өлкөлөрүн сооданы либералдаштырууга жана жеңилдетүүгө, инвестицияны жана транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө дем берүүгө, өнөр жайга жана жашыл экономикага инновациялык технологияларды биргелешип киргизүүгө чакырды.

Мындан тышкары, форумдун алкагында КР элчиси Д.Кемелова панелдик бизнес-сессияга катышып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өлкөдөгү жагымдуу бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий