• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жеткинчектер арасында футбол боюнча «ALGA KIDS» кубогу өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бишкекте 21-22-октябрь күндөрү 2015-жылы туулган балдар арасында футбол боюнча «ALGA KIDS» кубогу өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мелдешке 8 команда катышты.

Кызыктуу футболдук беттештердин жыйынтыгында турнирдин жарым финалына 3 команда чыкты. Финалдык оюнда «Илбирс» жана «Алга» футбол клубунун командалары беттешип, 3:0 эсебинде «Илбирс» футбол клубунун командасы жеңишке жетти.

Ошентип, биринчи орунду «Илбирс», экинчи орунду «Алга» командасы жана үчүнчү орунду Кара-Балта шаарынын «Химки» командасы жеңип алышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубок, медаль, грамоталар менен сыйланышты.

Турнир футболду өнүктүрүү, жайылтуу, футболчулардын чеберчилик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле оюнчулар ортосундагы достук байланышты өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин алдындагы "Алга-Бишкек" футболдук клубу уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий