• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата жана Советтер союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнир 9-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан, ИИМдин жана Коргоо министирлигинин курама командалары катышты.

Мелдештин жалпы байге 400 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

70 кг
1-орун Калысбек Каюмов (30 миң сом);
2-орун Уланбек Темуров (20 миң сом);
3-орун Толубай Шүкүров (15 миң сом).

90 кг
1-орун Жаныбек Аллакулов (30 миң сом);
2-орун Бекзат Хотамов (20 миң сом);
3-орун Манас Камчыбеков (15 миң сом).

+90 кг
1-орун Бактияр Мирлан уулу (30 миң сом);
2-орун Тамчы Эсенбек уулу (20 миң сом);
3-орун Мухтарбек Калыбек уулу (15 миң сом).

Абсолюттук салмак:
1-орун Жаныбек Аллакулов;
2-орун Бактияр Мирлан уулу;
3-орун Калысбек Каюмов.

Пикир

Оставить комментарий