• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нооруз – 2022: Көк бөрү боюнча мелдеште “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Нооруз-2022” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Оюн 21-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өттү.

Жогорку лигада “Ынтымак” командасы (Талас облусу) “Сары-Өзөн” командасын (Ош облусу) 4:1 эсебинде артка калтырып, жеңүүчү аталды. Ал эми биринчи лигада “Бакубат-Талас” (Талас облусу) командасы алдыга чыкты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:

40 жаш:
1-орун – “Сары-Өзөн Чүй” – 70 000 сом;
2-орун – “Талас” – 40 000 сом;
3-орун – “Биримдик Ысык-Көл” – 25 000 сом.

Жогорку лига:
1-орун – “Ынтымак” командасы, Талас облусу, байге – 1 000 000 сом;
2-орун – “Сары-Өзөн” командасы, Чуй облусу, байге – 500 000 сом;
3-орун – “Достук” командасы, Ош облусу, байге – 250 000 сом.
4-орун – “Ала-Тоо” командасы, Ош шаары, байге – 125 000 сом;

Мыкты оюнчу – Майрамбек Рыспеков (Талас облусу).
Мыкты аргымак – “83” (Чуй облусу).

Биринчи лига:
1-орун – “Бакубат-Талас” командасы, Талас облусу, байге – 200 000 сом;
2-орун – “Ийгилик” командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
3-орун – “Жаштык” командасы, Жала-Абад облусу, байге – 50 000 сом.
4-орун – “Бакай-Ата Дөөлөт” командасы, Талас облусу, байге – 25 000 сом.

Мыкты оюнчу – Алтынбек уулу Маданбек (Талас облусу);
Мыкты аргымак – “Таяныч”.

Пикир

Оставить комментарий