• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Дордой” футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. “Дордой” футбол клубу футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.

Бишкектин “Дордой” футболдук клубу Оштун “Алай” клубун 3:1 эсебинде утуп, өлкө биринчилиги аяктабай эле чемпион аталды.

Мелдештин жыйынтыгы менен “Дордой” 65 упайга, “Алай” 57 упайга ээ болгон.

5-6-ноябрда өлкө биринчилигинин акыркы оюндары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий