• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акжол Махмудов Роман Власов менен качан күрөшөрү белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 03.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт. Бул тууралуу аталган лиганын расмий сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт.

Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат. Мындан сырткары, PWL – 4 мелдешинде алдын ала маалыматка ылайык, Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдавия, Япония жана Российдан келген спортчулар арасында 12 беттеш өтөт.

Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий