• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Юстиция министрлиги юридикалык жактарды онлайн жоюу системасын киргизүүнү көздөөдө

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Юстиция министрлиги 2020-жылы юридикалык жактарды кайра каттоо, онлайн жоюу системасын киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

"Юридикалык жактарда каттоого алууга караганда, жоюу иштери татаалыраак жүрөт. Себеби, юстиция органдары үчүн карыздары ж.б. тууралуу маалыматтар керек. Банктардан маалымкаттар талап кылынат. Онлайн жоюу системасы ал процедураны жеңилдетет", - деди ал.

Ошондой эле 2020-жылы пробациянын автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү иштерин аяктоо жана аны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кошуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий