• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар унаасынын терезесин арзандатуу менен караңгылата алат

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда унаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу боюнча акция башталат. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2-октябрдан 30-ноябрга чейин автотранспорттордун алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксат кагазын каттоо акциясы өтөт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, унаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат жеке адамдар үчүн 80 миң сомдун ордуна 50 миң сом, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом эмес 70 миң сом жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 120 миң сомдун ордуна 90 миң сом болот.

Акция ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген уруксат документтерине жайылтылбайт.

Эске салсак, акция 60 күнгө гана созулат. Унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо үчүн унаа ээлери катталган жерине жана жашаган жерине карабастан Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин каалаган бөлүмүнө кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий