• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандык футзалчылар Иракка каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы 2024-жылкы Азия Кубогунун оюндарына карата өткөн даярдыктын алкагында дагы эки жолдоштук беттешти өткөрөт. Команданын кезектеги атаандашы Ирактын улуттук курамасы болот. Бул тууралуу КР Футзал ассоциациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюндар 30-сентябрь жана 2-октябрь күндөрү жабык форматта жана трансляциясыз өтөт.

Эске салсак, Азия Кубогунун "С" тайпасындагы тандап алуу оюндары 7-11-октябрь күндөрү "Бишкек Арена" спорт комплексинде өтөт.

Кыргызстан финалдык баскычка болгон жолдомо үчүн Иран, Ливан жана Мальдив аралдарынын курамалары менен кез келет.

Футзал боюнча Азия Кубогунун "С" тайпасындагы оюндарына билеттер ticket.kg сайтында жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий