• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек колледждеринин 25 окутуучусу инклюзивдүү билим берүү боюнча курстан өтөт

Билим 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Бишкек колледждеринин 25 окутуучусу инклюзивдүү билим берүү боюнча курстан өтөт, деп маалымдайт Билим беруү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өлкөдө билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу мугалимдердин жалпы педагогикалык квалификациясын жогорулатуу, инклюзивдик маданиятын өнүктүрүү, инклюзивдик даярдыгын калыптандыруу маселелерин чечүүнү талап кылат.

Билим берүү окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бөлбөй, жалпы окуучулар менен чогуу окутуу жана ошондой эле алардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече мамиле кылуу өтө маанилүү. Буга байланыштуу, тренингден окутуучулар аталган студенттерге педагогикалык жана психологиялык жактан туура мамиле жасоону, башкача айтканда, алардын муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларын үйрөнүп чыгат.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү – курстан өткөн окутуучулар сертификатка ээ болуп гана тим болбостон, ар-бири колледждер жана кесиптик лицейлердин окутуучуларын инклюзивдүү билим берүү боюнча окутууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди көбүрөөк тартуу жана алардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт. Иш-чарага чет мамлекеттерден инклюзивдүү билим берүү боюнча тренинг-семинарлардан өтүп келген, тажрыйбалуу тренерлер чакырылган.

Тренинг Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору кесиптик билим берүү окуу жайында инклюзия принциптерин сактоо, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөн болгон окуучулар, кыздар жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашырат.

Бул үчүн:

  • пилоттук 8 колледждин имараттары мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен реконструкцияланган;
  • мүмкүнчулүгу чектелген студенттер үчүн көтөргүчтөр, полдогу тактилдик плиталар, кармагычтарда Брайл шрифтиндеги көрсөткүчтөр орнотулган;
  • пилоттук окуу жайларда гендер жана инклюзия маселелери менен алектене турган, атайын окутуулардан өткөн кызматкерлер аныкталган.

Аталган иш-чара ушул жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин окуу борборунда башталат.

Пикир

Оставить комментарий