• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министрлиги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү сунуштоодо

Экономика 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Экономика жана коммерциялык министрлиги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мында:

2,25% - иш берүүчү тарабынан төлөнөт;

10% - кызматкер тарабынан төлөнөт.

Бирок мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү төмөнкү категорияларга жайылтылбайт:

– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;

– мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүчү жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казып алуу ишканалары;

– электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу (камсыздоо) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар мунайзаттарын өндүрүү жана кайра иштетүүчү субъекттерди кошпогондо, алкоголду, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү жана импорттоо боюнча ишкердиктин субъекттери; Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндө (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунай жана жаратылыш газын кайра иштетүү);

– уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер;

– Интернет провайдерлери;

– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер.

*Мыйзам долбоору 2024-жылдын 1-мартынан президенттин “Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий