• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министрлиги министрлер кабинетине 2022-жылга Антикризистик чаралар планын киргизди

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. КР экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылга карата Антикризистик чаралар планын көрсөттү.

Анын айтымында, планда дыйкан жана фермерлер үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөктөшүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.

“Бул үчүн дээрлик 37 млрд сом суммасында каражат каралган”, - деди ал.

Мындан тышкары, ведомство башчысы белгилегендей, жалпысынан планды ишке ашырууга 117 млрд 7 млн сом зарыл, анын ичинен республикалык бюджеттен түз чыгымдар 82 млрд сомго жакынды түзүш керек.

Ошентип, Антикризистик чаралар планы 7 багыт боюнча топторго бөлүнгөн:

-азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана артыкчылыктуу товарлардын баасын турукташтыруу чаралары;

- социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;

- каржылык туруктуулук менен камсыздоо чаралары;

- ишкерлерди колдоо чаралары;

- инвестиция тартуу чаралары;

- товар жүгүртүүнү көбөйтүү чаралары;

- мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо чаралары.

Пикир

Оставить комментарий