• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдыгулов: Дата борборду ишке киргизүү өлкө төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздайт

Экономика 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда президент Сооронбай Жээнбеков КР Улуттук банкына (КРУБ) барып, анын Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (Дата борбору) иши менен таанышты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын Дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун тастыктамалоосунан өткөн Борбордук Азиядагы жалгыз борбор экенин белгиледи.

Анын айтымында, Дата борбору Улуттук банктын негизги милдеттерин аткаруу — төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банк көзөмөлү алкагында банк отчеттуулугун алуу жана иштеп чыгуу системасынын, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылуу ж. б. үчүн иштелип чыккан.

«Дата борбору бардык төлөм системаларын модернизациялоого, калкыбызга көптөгөн жаңы санариптик продукцияларды берүүгө мүмкүндүк берет. Эң башкысы — Дата борборун ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздап, банк секторун санариптештирүү боюнча жаңы амбициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Ал, Дата борбору эң жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана үзгүлтүксүз иштөө жөндөмдүүлүгү менен айырмаланарын белгиледи.

Бардык негизги системаларды кайталоо (дублирование) электр кубаттуулугу өчүп калганда Дата борборунун жабдууларынын чектелбеген мөөнөткө үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат. Бул өлкөнүн банк жана төлөмдөр системаларынын ишинин туруктуулугун бир кыйла жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий