• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматынан электрондук эсеп-фактураларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып беришти

Экономика 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонуунун бир катар артыкчылыктарына салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн бурат.

Алсак, негизги артыкчылыктарынын бири болуп контрагенттер менен эсеп-фактураларды алмашуунун ыкчамдыгы саналат. Эгерде мурда башка аймакта жайгашкан контрагентке документтердин түп нускасын (кагаз түрүндө) жөнөтүү бир кыйла убакытты (күндөрдү, жуманы) алган болсо, эми буга компанияда бир аз гана мүнөт колдонулат.

Ошондой эле электрондук эсеп-фактуралар жана башка документтер менен алмашуу компанияларга кагазсыз иш жүргүзүү түрүнө өтүүгө мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде, чыгымдардын жок дегенде эки бөлүгүн – кеңсе жана почта чыгымдарын азайтууга алып келет. Анткени, мында компания көп сандагы кагаз түрүндөгү эсеп-фактураларды тариздөөгө жана контрагенттерге почта же чабарман менен жеткирүү (өткөрүп берүү) үчүн чыгым коротпойт.

Дагы бир маанилүү жагдай – эсеп-фактураны түзүүгө жол берилген каталардын саны азаят. Мындан тышкары, электрондук документ жүгүртүүнү пайдалануу компанияларга өзүнүн ички документ жүгүртүүсүн оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып жылдын аягына чейин ишке киргизилген. 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Салык кызматы КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды жана экспорттоочуларды электрондук эсеп-фактураны колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат.

Кеңири маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан же 1240 телефону аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий